Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) 22- кезектеги сессиясы
2018-жылдын 10-декабры № 8
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы билим берγγ мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын машыгусуна уруксат берγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарды кыш мезгилинде мектептердин спорт залдарынан окуу сабактардан бош убакыттарда спорттун баскетбол, улуттук кγрѳш, волейбол жана башка тγрлѳрγ менен машыгуулары γчγн пайдаланууга уруксат берγγ туралуу айыл жаштарынын кайрылууларын карап чыгып, айыл жаштарынын ар тγдγγ экстримистик агымларга кошулуп кетишин спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамына танып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштардын ар тγдγγ экстримистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында кыш мезгилинде билим берγγ мекемелериндеги спорт залдарында окуу сабактарынан бош убакытта машыгууларына уруксат берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердеги спорт залдарында жаштардын спорт менен машыгууларын уюштуруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынан турган комиссия тѳмѳнкγ курамда бекитилсин.
1. С.Бахромов
2. А Артиков
3. А Исмаилов
4. К Саттаров
5. М Муминов
6. М Нишанбаев
7. О Муталов
3. Айыл аймагындагы билим берγγ мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын спорт менен машыгусуна шарт тγзγп берγγ γчγн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинде тγзγлгѳн комиссия курамы менен мектептердин дене тарбия мугалимдери катышуусунда жаштардын спорт менен машыгусу боюнча графиктер тγзγлсγн
4. Окуу сабактарыннан бош убакыттарда спорт залдарда уюштурулган машыгууларга катышып жаткан жаштарды коомдук тартипти сакталышы, билим берγγ мекемелерин мγлкγн жана тазалыгын сакталышына айылдык кеңештин тѳмѳнкγ депутаттары дайындалсын.
М. Улукбек мектеби боюнча М .Муминов
О. Муталов
М Эргашов мектеби боюнча К Саттаров
А Исмаилов
Амир Темур мектеби боюнча А Артиков
М Мирзакаримов мектеби боюнча С .Бахромов
Кызыл-Тейит мектеби боюнча М. Нышанбаев
5. Жаштарды билим берγγ мекемелериндеги спорт залдарында машыгуулары γчγн шарт тγзγп берγγ жагы билим берγγ мекемелерин директорлоруна тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин элге билим берγγ, саламаттыкты сактоо жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |