Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
24- кезектеги сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 1
Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2018-жылда жγргγзгѳн иштери жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотуна 2018-жыл ичинде айыл аймагында жашоочу 94 айыл тургундары арыз менен кайрылган. Арыздар каралып, жыйынтык чыгарылган учурда γй -бγлѳѳлγк ѳз ара чыр-чатак болгон 19 γй -бγлѳѳ жараштырылган, 13 γй- бγлѳѳгѳ мѳѳнѳт берилген, 9 γй- бγлѳѳ райондук сотко жиберилген, 5 γй -бγлѳѳ ажыраштырылган, 28 арыз ички иштер кызматкерлерине жиберилген, 30 арызда кѳрсѳтγлгѳн иштер тараптарды келиштирγγ жолу менен чечилген. Той марекелерди ѳткѳрγγ тууралуу 91 арыз боюнча тγшγндγрγγ иштери жγргγзγлгѳн.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун 2018-жылда жγргγзгѳн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жаңы-Ноокат айылдык Аксакалдар сотунун жγргγзγγ убагында негизги маселелер айыл тургундары арасында ынтымактуулукту сактоо, коомдук тартиптин бузулушун алдын алуу, жаш γй-бγлѳѳлѳрдγн турмушун чыңдоо, ажырашуулардын алдын алуу, ар тγрдγγ укук бузууларды жана кылмыштуулуктарды болтурбоо, элдик каада салтарда, той –маарекелерде артыкча чыгымдарга жол бербѳѳ γчγн айыл тургундары арасында тγшγндγрγγ чаралары кγчѳтγлсγн.
3. Коомдук тартити бузуу, ар тγрдγγ бузууларга жол берген айыл тургундарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаза чаралары колдонуу иштери боюнча айыл тургундары арасында жолугушуулар ѳткѳрγлγшγ айылдык Аксакалдар сотуна тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |