Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты №34/27
«Бирдик суу» СООППВнын төрагасы С.С. Ханшанлонун «Ичүүчү сууга болгон төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө»маалыматын угуп жана талкуулап , ошондой эле « Бирдик-Суу» СООППВсы боюнча 2018 – жылдын бюджетинин киреше бөлүгү-калктын- 460200 сом, ЖИ ИММ семиртүү боюнча -3200 сомду түзгөндүгүнө байланыштуу.
Жыйынтыгында бир айлык киреше-38350 сом, , жылына – 460200 сом.
Чыгаша бөлүгү : электроэнергиясын пайдалануунун баасы айына -9424 сом,штат боюнча айлык акы 1400 сом, пенсиялык фондго которуу -2415 сом, кирише салыгы-1000сом, МЧС ( материалдык чийки зат базасы) -3485 сом, башка чыгымдар( күйүүчү май, СЭС, ондоо иштери) -8026 сом, жылына 460200 сом.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Бирдик айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.« Бирдик-Суу» СООППВнын төрагасы С.С. Ханшанлонун «Ичүүчү сууга болгон төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө» маалыматы эске алынсын
2. 2018 –жылдын апрель айынан тартып ичүүчү сууга болгон төлөмдүн баасы киши башына 25 сомдон бекитилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча ТКнын төрагасы Ю.С. Мафлиновго жүктөлсүн.
Төрага | Щ. Мусахунов |