БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №36/ 9-27
Таштандылардын ылайыксыз жерлерге топтогону жана таштаганы үчүн айыл тургундарын тартип жана каржы жоопкерчилигине тартуу жөнүндө
Башкы адис З.Ж. Осмонкулованын «Таштандылардын ылайыксыз жерлерге топтогону жана таштаганы үчүн айыл тургундарын тартип жана каржы жоопкерчилигине тартуу жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап Бирдик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы адистин«Таштандылардын ылайыксыз жерлерге топтогону жана таштаганы үчүн айыл тургундарын тартип жана каржы жоопкерчилигине тартуу жөнүндө», маалыматы эске алынсын.
2. Ылайыксыз жерлерге топтолуп таштаган үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып пул бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу кмиссиясына жүктөлсүн.