Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 37/9-27
Бирдик айыл аймагынын башчысы М.К. Байдовлетовдун 1994 –жылы чыккан «МЕРСЕДЕС-БЕНЦ 280» кызматтык автоунаасын сатуу жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенешитин депуттары унаа эскирип, колдонуудан чыккандыгына байланыштуу аталаган унааны сатууну белгилешет. Жогорудагы баяндалгандардын негизинде Бирдик айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1994- жылы чыккан, кыймылдаткычы № 10494110004012 катталуу күбөлүгү Т.С. Серия А № 798 ( келишимге ылайык)» Мерседес-Бенц 280» кызматтык автоунаасы сатылсын.
2. Кызматтык унааны сатуудан түшкөн акча каражаты Бирдик айыл өкмөтүнүн эсебине которулсун
3. Кепилдик төгүмүнүн башкы суммасы 10% болуп, комиссиялык башкы суммасынан 0,5% болуп бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы айыл өкмөтунүн РКЭБ мамлекеттик каттоо кызматынын жана Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын балансынан чыгарылсын
5. Бул токтомду көзөмөлдөө каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Кыдырмановага, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Щ. Мусахунов |