Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 182
Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы ишканадан (техсервистен) 2018-жылы ижара акысынан түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндөгү билдирүүнү карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы ишканадан (техсервистен) 2018-жылы ижара акысынан түшкөн акча каражат эсебинен 1 даана фасоль чыгаруучу, 1 даана картошка чыгаруучу комбайн сатып алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |