Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-августу №16
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшкөн 1800,0 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү үчүн айыл элинин арыз даттанууларын угуп, айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктап чыгып, билим берүү мекемелеринин муниципалдык менчиктеги имараттарды ,курулмаларды карап чыгып, Осмонкулов айылдык Кеңешинин 4- кезексиз сессиясынын 5-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 1800,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
Ички көчөлөрдү жарыктандырууга 400,0 миң сом.
М. Туйтунов атындагы Бакай-таш орто мектебинин спорттук залынын чатырын, полун оңдоо үчүн 366,0 миң сом
Талды-Булак балдар бакчасынын терезе эшиктерин пластик терезе, эшикке алмаштырууга 190,0 миң сом
Ак-Коргон орто мектебинин алдыңкы аянтчасын бетондоого 110,0 миң сом
Ак-Коргон айылындагы спорттук аянтчаны оңдоп түзөөгө 160,0 миң сом
Ички көчөлөргө суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 50,0 миң сом
А.Өзүбеков атындагы спорт комплексине трансформатор орнотууга 35,0 миң сом
Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине кошумча эмеректерди сатып берүүгө 59,0 миң сом
Айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги имараттарынын айланасын курчоо, көрктөндүрүү жашылдандырууга 430,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын, бөлүнгөн акча каржатын сметага отургузуу жагын каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Төкөналиевге жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Джумаев |