Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры №18
Осмонкулов айылдык аймагындагы Талды-Булак жана Ак-Коргон айылынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 3-кезектеги сесссиясынын №6 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун, Аксакалдар кенешинин, Аялдар, Жаштар комитетинин жана жалпы элинин сунушунун негизинде айыл өкмөттүн аймагындагы соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөө боюнча элдик жыйын өткөрүлсүн.
2. Элдик жыйында атайын туруктуу депутататардан, айыл өкмөтүнөн, коомдук алдын алуу борборунан жана элдин атынан куралган комиссия түзүлсүн.
3. Мурда алынып келинген алкоголдук ичимдиктерди (алар: Арак, коньяк, пиво, вино жана башкалар алкоголу бар ичимдиктер) 15.01.2019-жылга чейин сатылып бүтсүн жана ошол күндөн баштап айылдык аймакта алкоголдук ичимдик сатпоо боюнча элдин талабы дүкөндөрдүн ээсине эскертилсин.
4. Ичимдик сатуучу соода түйүнүнүн ээсинин алкоголдук ичимдиктерди чектөө бекитилген учурларда сатылса, элдик жыйналышта маселеси каралып, эл тарабынан бекитилген тиешелүү жазалар берилээри эскертилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышы жалпы жыйында түзүлгөн элдик комиссияга жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө айылдык Кеңештин этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага: |
А.Джумаев |