Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры №19
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык
Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 4-кезектеги сесссиясынын №7 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Осмонкулов айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламенти бекитилсин.
Осмонкулов айыл өкмөтүнө (У.Кудайбергенов):
аксакалдар сотторунун, аймактык Кеңештердин төрагаларын, укук коргоо органдарынын жетекчилерин катыштырып, Осмонкулов айылынын аксакалдар сотторунун иштөө Регламентин окутуп-түшүндүрүү боюнча семинар-кеңешмелерди өткөрүү;
Осмонкулов айылдык аксакалдар сотторунун иштөө Регламентинин негизинде аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана алардын ишин уюштуруу жагы тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышы депутаттардын социалдык маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Джумаев |