Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры №22
КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин 2018-жылдын 16-майындагы №01-18/56 сандуу буйругуна ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 4-кезектеги сесссиясынын №7 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Джумаев |