Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры №23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 6-апрель №01-18/41 сандуу буйругунун жетекчиликке алып Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотраспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө Осмонкулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 4-кезектеги сесссиясынын №7 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобо бекитилсин (1-тиркеме).
2. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Джумаев |