Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы № 31
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кенешинин 2019-жылга сунушталган иш планы боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын маалыматын, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага тапшырылсын.
5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: |
М.Н.Жусупахунов
|