Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 184
Айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү айыл тургундарынын ишкерлик кылууга жер сураган, турак-жай курууга жер участокту менчиктеп берүү жөнүндөгү жана материалдык жардам сурап жазган арыздары бюджеттин жетишсиздигинен, мурда материалдык жардам берилгендиктен канааттандырылбасын. Алар:
- Тургунбаев Күмүшбектин келинчегине дарылануусуна мурда материалдык жардам берилгендиктен;
- Алтымышов Эрнистин кызы Аманбекова Аиданын дарылануусуна мурда материалдык жардам берилгендиктен жана бюджеттин тартыштыгынан;
- Жаманкулов Төлөгөндүн үйүнүн ремонт иштерине материалдык жардам сурап жазган арызы бюджеттин тартыштыгынан;
- Жаңы-Турмуш өзөнүн жашоочуларынын 3 линияны жеткирүү жөнүндогү арызы бюджеттин тартыштыгынан;
- А.Дүйшөнбиев көчөсүнүн жашоочуларынын таза суу киргизүү жана электр линиясын тартуу жөнүндөгү арыздары бюджеттин жетишсиздигинен;
- КУАУ тарабынан ветеринардык адистерди даярдоого кеткен чыгымды жергиликтүү бюджеттен төлөө жагы бюджеттин жетишсиздигинен;
- Айыл тургундары Орозбай уулу Эдилдин жана Үмөтов Эмилдин арыздары жерди мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрылуу жагы сунушталсын;
2. Арыз ээлерине маалымат берүүнү камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |