Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 185
Айыл тургуну, Суеркулов Мураттын жүрөк оорусунан дарыланып жаткандыгына байланыштуу дарылануусуна акча каражатын сураган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну, Суеркулов Мураттын жүрөк оорусунан дарылануусуна акча каражатын сурап жазган арызы, оорусун тастыктаган маалымкатты тапшыргандан кийин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү менен канаатандырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т. Асанов |