Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 186
Айыл тургундарынын көчөлөрдү түзөтүү жана кум-шагыл төгүү жөнүндөгү арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынын көчөлөрдү түзөтүү жана кум-шагыл төгүү жөнүндөгү арыздары канаатандырылсын.
2. Эсенаманов көчөсүндөгү( Ай-Жылдыз магазини жайгашкан көчөсүн), Кулманов Раман туюк көчөсүн, Ашырсултан Дүйшөнбиев көчөсүн, Жумабаев Токтогул көчөсүн б.а. өзгөчө оңдоп түзөөнү талап кылган жолдорду калыбына келтирүү үчүн (жергиликтүү бюджеттен 16.02.2019-ж, №146 токтому менен ) бөлүнгөн 200 (эки жүз) миң сом акча каражатына кошумча 200 (эки жүз) миң сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин, тез арада иш жүзүнө ашыруу жагы милдеттендирилсин;
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына тез арада иш жүзүнө ашыруу жагы милдеттендирилсин;
Төрага | Н.Т. Асанов |