Редакцияот 22.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

 

2019-жылдын 22-июну № 187

Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2012-жылдагы № 202 токтомунун негизинде бекитилген “Салыктын укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү ” Жобосуна ылайык түзүлгөн келишимдин типтүү формасы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XVII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар” жөнүндөгү Токтомун ишке ашыруу үчүн түзгөн келишимдин типтүү формасы макулдашылсын жана бекитилсин.

 

Төрага

Н.Т. Асанов