Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-апрели № 1
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2019-жылдын 11-апрелиндеги болуп откон VII- чакырылышынын 3- сессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С. Токобаевдин сунуштамасын угуп, талкуулап, Өзгөрүш айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагы боюнча жайытка чыккан малдардын жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин :
· Жаз тоо: жылкы бир башка -100 сом
· 2019-жылы туулган кулун -0 0 сом
· Бодо мал: бир башка -100 сом
· 2019-жылы туулган торпоко - 00 сом
· Жандык мал: кой, эчки – бир башка - 10 сом
· 2019-жылы туулган улак, козуларга - 00 сом
· Жайлоо: жылкы бир башка - 150 сом
· Тай, кулундар – 100 сом
· Бодо мал: бир башка - 150 сом
· Торпок бир башка – 150 сом
· Жандык мал: кой, эчки бир башка - 10 сом
· Козу улак - 10 сом
· Кыш тоо: жылкы бир башка – 100 сом
· Жандык мал – 5 сом
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы С. Токобаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Атамбеков |