Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2019-жылдын 03- майындагы болуп откон VII- чакырылышынын 4- сессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Эдигееванын такталган кирешеден ашкан чыгашаны 63248,13 жана айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги каражатынан 6200 , Өзгөрүш аймагындагы “Ыйман бала бакчасынын” атайын эсептеги каражатынан 6000 сомду бөлүштүрүү боюнча сунушун угуп, талкуулап, Өзгөрүш айылдык Кенеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин такталган кирешеден ашкан чыгашаны төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн :
Ø Беш- Булак конушундагы салынып жаткан башталгыч мектептин иш кагаздарын (архитектура)бүткөрүү үчүн 37,500 мин сом
Ø Айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына отургуч (скамейка), мусор челек, жарыктандырууну орнотууга 25,748 сом;
Ø Өзгөрүш айылдык кенешинин иш кагаздарын сапаттуу жана өз убагында жүргүзгөндүгү үчүн,Өзгөрүш айылдык кенешинин катчысы Б. Кенесариевага айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги каражатынан 6,200 сом;
Ø Өзгөрүш айыл аймагындагы “Ыйман бала бакчасынын” атайын эсептеги каражатынан 6000 сом акча каражаты, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына отургуч (скамейка), мусор челек, жарыктандырууну орнотууга колдонулсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Атамбеков |