Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 130
Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Ысакованын 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а. М. Ысакованын жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2017-жылга карата аткарылышы жөнүндө отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын. Ал 2018-жылдын 22-мартынан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматтык чара колдонуу жагы чектелсин (маалымат тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовго, КЭБнүн башчысынын м.а. З.Максутовго (З.Максутов- айыл өкмөтүнүн башчысынын 22.03.2018-ж. № 7-буйругу менен каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган) жергиликтүү бюджетти бекитилген сметага ылайык максаттуу пайдалануу жана кетирилген кемчилдиктерди жоюу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |