Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры № 131
Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагына социалдык обьектилерди жаңыдан куруу боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилер сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демлигелүү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагына социалдык обьектилерди жаңыдан куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге Орозбеков айыл өкмөтүнүн Орозбеков айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн айыл өкмөттүн өздүк салымы катарында 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 457655,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 2019-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3111 курулуштар статьясына толук расчеттору менен бекитилсин.
3. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кадамжай райондук башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |