Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 133
Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын м.а. З.Максутовдун жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2018-жылдын 1-жарым жылына карата аткарылышы жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын (маалымат тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовго, КЭБнүн башчысынын м.а. З.Максутовго жергиликтүү бюджетти бекитилген сметага ылайык максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |