Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 135
Орозбеков айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун 2018-жылга кабыл алынган бюджетти статьядан статьяга жылдыруу зарылдыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылга кабыл алган бюджетине өзгөртүү киргизилсин (маалымат тиркелет).
2. Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жумшалуучу чыгымдарды туура көрсөтүү менен акча каражатын статьялар боюнча максаттуу пайдалануу жагы КЭБнүн башчысынын м.а. З.Максутовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин бюджет, экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |