Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 136
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты И.Мадеминовдун Күлдү айылында жайгашкан № 5-таяныч пункту ремонт иштерин жүргүзүүгө муктаж экендигин жана аймактык инспекторлордун толук кандуу иш алып баруусу үчүн аларга шарт түзүп берүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күлдү айылында жайгашкан № 5-таяныч пунктунун ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин ар түрдүү чыгымдар статьясынан 150 (жүз элүү миң) миң сом акча каражатын бөлүп берүү КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз убагында жана максаттуу пайдалануу жагы аймактык инспектор Ү.Нурмаматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |