Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-октябры № 138
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Т.Алибаеванын айыл аймагында жайгашкан мектептерде эмгектенген мугалимдер арасында жашоо шарты оор, турак жайга, отунга, же болбосо дарыланууга муктаж болгон мугалимдер бар экендигин жана аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан социалдык колдоо көрсөтүү мыйзам ченемдүү экендигин билдирген маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы мектептерде иштеген жашоо шарты оор мугалимдерге мыйзам чегинде социалдык колдоо көрсөтүлсүн.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Жолдошов, З.Максутов) билим берүү тармагынын кызматкерлерине социалдык жардам көрсөтүүнүн мыйзамдуулугун укуктук-ченемдик актыларга негиз жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |