Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры № 139
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовдун Республикалык бюджеттен Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетине келип түшкөн 1,0 млн. сом максаттуу грантты бөлүштүрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетине келип түшкөн 1,0 млн. сом максаттуу гранттын 500,0 миң сому айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа сатып алууга, 500,0 сому айыл аймагындагы 5 участкада аткарылуучу жумуштар үчүн ар бирине 100,0 миң сомдон (Учкун, Кара-Кечүү, Охна, Бостон, Гараж) бөлүнүп берилсин (маалымат тиркелет).
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз багытында жана үнөмдүү пайдалануу жагы КЭБнүн башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу З.Максутовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |