Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры № 141
Орозбеков айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовдун айыл аймагында жайгашкан балдар бакчаларына ысык тамак үчүн ата-энелер төлөмү планда көп көрсөтүлүп, ал эми иш жүзүндө балдардын саны аз экендигин билдирип, ысык тамак үчүн ата-энелер төлөмүн кыскартып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагында жайгашкан балдар бакчаларынын ысык тамагы үчүн ата-энелер төлөмүн кыскартууга уруксат берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Максутовго балдар бакчаларына ажыратылган акча каражатын өз максатында жана үнөмдүү пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |