Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 142
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Матисаевдин “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун 06.09.2018-ж. чыгыш №710/ 05-12 катына негиз жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын Орозбеков, Күлдү айылдарынын күңгөй тарабындагы айланма жолдун үстү жагына жылдырып орнотууга уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков жана Күлдү айылдарынын ичинен аралап өткөн жогорку чыңалуудагы 35 кВт электр мамычаларын Орозбеков, Күлдү айылдарынын күңгөй тарабындагы айланма жолдун үстү жагына жылдырып орнотууга уруксат берилсин.
2. Электр мамычаларын жылдырып орнотуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө (А.Жолдошов) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Досматов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |