Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 146
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттары, Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Даннур-Юг” компаниясы менен түзгөн келишиминин мыйзамдуулугун карап чыгып, КРнын Конституциясындагы жайыт жана кен байлыктар боюнча көрсөтүлгөн нормаларга каршы келгендиги жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгы эске алынбагандыгын белгилеп, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн “Даннур-Юг” компаниясы менен убактылуу пайдаланып келген жер аянтына келишим түзүлбөсүн жана жайыт категориясында турган жер аянты убактылуу пайдаланууга берилбесин.
2. Токтомдун мыйзамдуулук жагын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасына (А.Назарбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |