Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 149
Орозбеков айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-ветеринар Ж.Тажибаевдин айыл аймагынын Күлдү айылынын Кош-Дөбө участкасына биотермикалык чуңкур курууга өздүк салым катарында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Кош-Дөбө участкасына, элдүү пункттан 500 метр алыс аралыкка биотермикалык чуңкур (Беккари чуңкуру) куруу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катарында 150 (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз максатында пайдалануу жана биотермикалык чуңкурдун иш кагаздарын өз убагында бүткөрүп, ишке киргизүү жагы айыл өкмөтүнө (А.Жолдошов) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Аскарова) милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назарбаев |