Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 150
Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасына айрым жергиликтүү маанидеги маселелерди аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө “Айыл-Тазалык” МИнын директору М.Токтоматовдун билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы “Айыл-Тазалык” муниципалдык ишканасына Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелердин ичинен төмөнкү маселелерди айыл тургундарынын макулдугу менен аткаруу үчүн уруксат берилсин:
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына “Айыл-Тазалык” МИна жогорудагы маселелерди өткөрүп берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |