Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
24- кезектеги сессиясы
2018-жылдын 27-декабры № 5
Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы базарды айылдын стадионуна кѳчγрγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы кѳчѳлѳрдγн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин натыйжасында автоуналардын тигындыгы жаралып айыл борборундагы Амир Темур, М Эргашов, №58 кесиптик лицейи окуучуларын жолдон ѳтγп, окуу сабактарына каттоосуна коркунуч туудуруп жаткандыгы тууралуу айыл тургундарынан кѳптѳгѳн кайрылуулар болуп жаткандыгы себебтγγ, тартипсиз соода -сатык иштерин тартипке келтирγγ γчγн айылдын стадионуна убактылуу кѳчγрγγ маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы кѳчѳлѳрдγн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин натыйжасында автоуналардын тигындыгы жаралып айыл борборундагы Амир Темур, М Эргашов, №58 кесиптик лицейи окуучуларын жолдон ѳтγп, окуу сабактарына каттоосуна коркунуч туудуруп жаткандыгы γчγн аталган жайларда соода-сатык иштери жγргγзγ токтотулсун.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундары γчγн соода-сатык иштерин жγргγзγγ γчγн айылдын стадионунна убакытылу базар уюштурулсун.
3. Айылдын стадионунда базар уюштуруу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
4. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Т Эргашов, Х. Турсункулов,Садарахим Ата атындагы кѳчѳлѳрдγн башталышында тартипсиз соода сатык иштерин токтотуу иштерен камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык ПОМ дун аймактык тескѳѳчγ милиция кызматкерлерине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин соода транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Имамов |