Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI шайланган депутаттарынын кезектеги XХI- сессиясы
2019-жылдын 14-марты № 22-1
«Оби Хаёт» ИСКАКБнин А.Мирмахмудов айыл аймагында таза суу менен пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагында таза суу менен пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу А.Мирмахмудов айыл аймагынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутунун 14-пунктчасына ылайык А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов айыл аймагында «Оби Хаёт» таза сууну пайдалануу үчүн ар бир кожолукка кызмат көрсөтүүнүн тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Суу эсептегичи бар пайдалануучуларга төлөм 1м3 19 (он тогуз) сом
Көчөдөгү суу курулмаларынан пайдалануучуларга айына төлөм 87 (сексен жети ) сом
Короого киргизилген суу түтүктөрү бар пайдалануучуларга айына төлөм 173 (бир жүз жетимиш үч ) сом өлчөмүндө.
2. Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу жагы «Оби Хаёт» ИСКАКБнин жетекчиси Ахмеджанов Турсунбайге тапшырылсын.
3. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү менен «Оби Хаёт» ИСКАКБ ортосунда келишим түзүлүп жана баланска ижарага берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура,курулуш , транспорт, саламаттыкты сактоо жана экологоия боюнча комиссиясынын төрагасы К.Гафаровго жүктөтүлсүн.
Төрага | И.Исмоилов |