Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI-шайланган) он бешинчи сессиясынын жыйналышы
2018-жылдын 04-декабры № 15/5
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылына спорт аянтчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Карагуз айыл өкмөтүнүн Жаңы-Талаа айылындагы эски мектебине Карагуз айыл өкмөтүнүн 24.12.2004 жылдагы №993 токтомунун негизинде жасалган мамлекеттик акт сериясы Б №020232 Берилди 12.06.2015-жыл.карап чыгып Жаңы-Талаа айылында спорт аянтчасы жоктугуна байланыштуу Кара-Гуз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн Жаны-Талаа айылындагы эски Жаңы-Талаа орто мектебинин жеринен спорт аянтчасын курууга 0.11га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Карагуз айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо, комуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жумаевге тапшырылсын.
Төрага | С.Оморов |