Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 99
Кызыл-Чарба айылындагы сугат суу каналын ачуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражат эсебинен калган калдык акча каражаттарын 2019-жылдын бюджетинен кошумча аткарыла турган иштерге кошумча план киргизүү жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынан 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн бюджетине 150000-00 (жүз элүү миң) сом акча каражаттары төмөндөгү бөлүкчөлөргө смета түзүлүп иштетилсин:
-айыл чарба бөлүкчөсүнүн 2221 статьясына 150000-00 сом, Кызыл-Чарба айылындагы каналын тазалоо үчүн;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |