САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 102
2018-жылдын 8-февралындагы Ак-Терек айылынын тургуну М.Бөрүбаевдин Ак-Терек айылындагы көчө ачуу маселеси жөнүндөгү арызын кароо
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67-Мыйзамына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши Ак-Терек айылынын тургуну М.Бөрүбаевдин арызын талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Терек айылынын тургуну М.Бөрүбаевдин Ак-Терек айылындагы көчө ачуу маселеси Салам-Алик айылдык кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттык топ жеринде барып жыйынтык чыгарышсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу тармактык комитетинин төрагасы А.Садабаевке тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |