Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 30-майы № 103

Айыл аймагында жүк ташыган транспорт каражаттарына каттоо постун уюштуруу жөнүндө

 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 14- мартындагы № 88-б буйругуна ылайык айыл аймагында транспорт каражаттарына каттоо постун уюштуруу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 14-мартындагы № 88-б буйругуна ылайык Ак-Терек айылынын муниципалдык көпүрөсүнө жүк ташыган транспорт каражаттарын каттоо үчүн каттоо посту уюштурулсун.

2. Көпүрөдөн өткөн ар бир жүк ташып өткөн автоунаалардан чоң-кичинесине карабастан 100(жүз) сом акы акча каражаты алынсын жана айыл өкмөтүнүн бюджетине которулсун, анын 20%ы постто турган каттоочуга төлөнүп берилсин.

3. Көмүр ишканаларынан канча тонна көмүр өндүрүлгөнү жана ташылганы тууралуу маалыматты билүү масатында көмүр ташыган ар бир машиналарга накладнойлорду жазып, каттоо постуна каттатып өткөрүүнү көмүр өндүрүүчү ишканаларга тапшырылсын.

4.Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Таштемиров