Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 105
Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы бала-бакчага ысым ыйгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагына караштуу Салам-Алик айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча айылдын жалпы элдик жыйынынын 2019-жылдын 6-апрелиндеги № 3 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылынындагы бала-бакчага ысым ыйгаруу жөнүндөгү Салам-Алик айылынын 2019-жылдын 6-апрелиндеги № 3 жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Балдар бакчасына ысым ыйгаруу боюнча Салам-Алик айылында 2019-жылдын 6-апрелиндеги өткөрүлгөн элдик жыйындын № 3-токтомунун негизинде жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын добуш берүүсүнө ылайык, балдар бакчасы “Аят-Эне” балдар бакчасы деп аталсын жана аталышы юстиция органынан макулдук суралсын.
3. Салам-Алик айылынын 2019-жылдын 6-апрелиндеги № 3 жалпы элдик жыйынында көрсөтүлгөн Салам-Алик айылынын тургуну Чийдеева Дунияны “Аят-Эне” бала бакчанын жетекчилигине сунуш берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
4. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук экотехинспекциядан жана өрт коопсуздугу башкармалыгынан, райондук санитардык-эмпидемиялык көзөмөл борборунан, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, райондук электр тармактары ишканасынан талапка ылайык юридикалык документтик бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткаруу жана тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Суралсын райондук каржылоо бөлүмүнөн жаңыдан ачылуучу балдар бакчасын мамлекеттик бюджеттен каржылоо жагы.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, байланыш жана социалдык маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |