Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 106
Салам-Алик айылындагы өспүрүмдөрдүн эс алуучу лагерин баланстан баланска которуу жөнүндө» Өзгөн райондук кесиптик бирлигинин 2019-жыл 17- апрель № 05-сандуу катын кароо жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айыл аймагына караштуу Салам-Алик айылындагы “Өспүрүмдөрдү эс алуучу лагерин” баланстан баланска өткөрүү жөнүндөгү маселени карап Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылындагы өспүрүмдөрдүн эс алуучу лагерин баланстан баланска которуу жөнүндө» Өзгөн райондук кесиптик бирлигинин 2019-жыл 17-апрель № 05-сандуу каты артка кайтарылсын.
2. Салам-Алик айылындагы “Өспүрүмдөрдүн эс алуучу лагери” Өзгөн райондук кесиптик бирлигинин балансына өткөрүлүп берилбесин.
3. Лагердин коттежддерин инвесторлор аркылуу калыбына келтирип, оёдоп- түзөө иштерин жүргүзүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеёешинин бюджет, финансы, экономика, байланыш жана социалдык маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |