Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 107
“Беш-Терек», «Ой-Тал» жайлоосу Кара-Кулжа районуна убактылуу келишим менен берилген мөөнөтү 2020-жылы аяктап бүтөөрүнө байланыштуу, аталган жайлоолорду айыл аймагына кайтарып алуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-жана 4-беренелерине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Беш-Терек», «Ой-Тал» жайлоосу Кара-Кулжа районуна убактылуу келишим менен берилген мөөнөтү 2020-жылы аяктап бүтөөрүнө байланыштуу, аталган жайлоолорду айыл аймагына кайтарып алуу боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын кайрылуу катын талкуулап Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Беш-Терек», «Ой-Тал» жайлоолору Кара-Кулжа районуна убактылуу келишим менен берилгендеги мөөнөтү 2020-жылы аяктап бүтөөрүнө байланыштуу, аталган жайлоолору айыл аймагына кайтарылып алынсын.
2. Жогорудагы аталган жайыттардын келишим мөөнөтүн узартпоо боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга каттар жөнөтүлсүн.
3. Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык келишимди 2020-жылдан тартып мөөнөтүн узартпоо жана андан ары келишим түзбөө жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациядан талап кылынсын.
4. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Садабаевке тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |