САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 109
Айылдардагы бала-бакчалардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 111-кварталына карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражат эсебинен 2019-жылдын бюджетинен кошумча бала-бакча бөлүкчөсүнө тамак-аш алуу үчүн кошумча 360,0 миң сом план киргизүү жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 111-кварталына атайын каражат эсебинен бала бакча бөлүкчөсүнүн киреше бөлүгүнө кошумча 360,0 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражатына план бекитилип, 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү статьяларга кошумча смета түзүлүп иштетилсин:
-бала бакча бөлүкчөсүнүн 2218 статьясына 330000-00 сом айылдардагы бала бакчаларга тамак аш алуу үчүн иштетилсин;
-бала бакча бөлүкчөсүнүн 2215 статьясына 30000-00 сом айылдардагы бала бакчаларга ар кандай чыгымдарына иштетилсин;
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, байланыш жана социалдык маселелери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |