Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы

2019-жылдын 30-майы № 110

Салам-Алик айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” институтунун калктуу конуштарынын чек арасын аныктап тактоо боюнча материалдарынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Кыргызмамжердолбоор» институту иштеп чыккан Кызыл-Чарба, Салам-Алик, Ак-Терек, Кош-Этер, Кызыл-Байрак, Ара-Көл, 15 жаш айылдары боюнча Салам-Алик айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын аныктап тактоо материалдары бекитилсин.

2. Ушул токтомду бекитүү жана тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеёешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Таштемиров