Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 19-декабры № XIV –5
Найман айылдык Кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар » жөнүндөгү «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери »жөнүндөгү белгиленген айылдык Кеңештин компетенциясынын негизинде айылдык Кеңештин иш планы түзүлүп,бекитилсин.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айылдык Кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Д.Таировага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Эрматов |
Найман айылдык кенешинин
кезектеги XIV сессиясынын
№ XIV –5 токтомуна тиркеме
№ | Аткаруучу иштердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарат | Ким бекитет |
1 | Найман айылдык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү | январь | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | Айылдык кеңештин сессиясы |
2 | Найман айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү. | Январ, Февраль | Ш.Сапарова Б.Топчубаева Г.Каарова | Айылдык кеңештин төрагасы |
3 | Найман айыл өкмөтү боюнча 2018-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу, айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун угуу. | 1-кв | Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаева | Айылдык кеңештин сессиясы |
4 | Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калдык акчасынын эмне үчүн иштетилбей калган себептерин тактоо жана кайра бөлүштүрүү | 1-кв, Январь- Февраль | Ш.Сапарова, ФЭБ башчы А.Балтабаев | Айылдык кеңештин сессиясы |
5 | Билим берүү мекемелеринде балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын жана тамак –ашка берилип жаткан акча каражатынын максаттуу пайдаланып жатканын карап чыгуу | 2-кв. | Айыл өкмөттүн со.адиси жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери | Айылдык кенештин сессиясы |
6 | Элди суу менен камсыз кылуу боюнча СООППВ нын жетекчисинин аткарып жаткан иштери боюнча | 2-кв | СООППВ нын жетекчиси М.Жолдошев | Айылдык кеңештин сессиясы |
7 | Элдин бейпилдигин сактоо, диний экстремизмге каршы күрөшүү, билим берүү тармактарын жакшыртуу, жаш өспүрүмдөр арасында коомүдук тартипти сактоо, спортту өнүктүрүү максатында айылдарда жаштар арасында спорттук мелдештерди өнүктүрүү уюштуруу, калк арасында түшүндүрүрүү иштерин жүргүзүү. | Ар бир кварталда | ОПЦ, аксакалдар соту, имам, аялдар кеңеши, участкалык мидиция кызматкерлери, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагагсы | Айылдык кеңештин сессиясы |
8 | Жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча (социалдык маселелер боюнча комиссия курамынын жүргүзүп жаткан иштери). | 2-квартал | Айыл өкмөттө түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссия курамы | Айылдык кенештин сессиясы |
9 | Мектептерде билим сапатын жана тарбиялык иштерди текшерүү | Ар дайым | Участкалык инспектор,мектеп администрациясы, туруктуу комиссинын төрагасы | Айылдык кеңештин сессиясы |
10 | Диний экстремизмге каршы күрөшүү. | Ар дайым | Участкалык милиция кызматкерлери, имамдар | Айылдык кеңештин сессиясы |
11 | Найман айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2019-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө отчетторду угуу. | Июль, август | Ш.Сапарова Б.Топчубаева Э.Сатыбалдыева | Айылдык кеңештин сессиясы |
12 | Найман айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу. | Июль, август | Көчө комитеттер, депутаттар | Айылдык кеңештин сессиясы |
13 | Найман айыл өкмөтүнүн инфраструктурарасын жакшыртуу үстүндө иштөө жергиликтүү бюджетин киреше бөлүгүнө кошумча булактарды табу жолдорун издөө. | Ар дайым | Айыл өкмөтү, кирешелер боюнча башкы адис, айылдык кеңештин депутаттары | Айылдык кеңештин сессиясы |
14 | 2019-2020-жаңы окуу жылына карата билим берүү тармактарынын даярдыгы. | Август, сентябрь | Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Айылдык кеңештин сессиясы |
15 | Найман айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн салыктардын барлык тиешелүү түрлөрү боюнча, кирешелер боюнча адистин аткарган иштери тууралуу отчеттор. | 3-квартал | Кирешелер боюнча башкы адис | Айылдык кеңештин сессиясы |
16 | Айыл өкмөт башчысынын 2019-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштери боюнча отчету | ноябрь | Айыл өкмөтү | Айылдык кеңештин сессиясы |
17 | 2019-жыл ичинде айыл өкмөттүн аймагындагы өнөр жай ишканалардын жана кичи ишканалардын аткарган иштеринин абалы жөнүндө(иштеп чыгарып жаткан продукциялары,бюджетке түшүргөн кирешеси ж.б). | 4-квартал | Айылдык кеңештин төрагасы | Айылдык кеңештин сессиясы |
Найман айылдык кеңештин катчысы: Д.Таирова