Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 25-январы № XV –1
Найман айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинде белгиленген кызмат орундарынын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигиндеги муниципалдык кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5-август 2011-жылдагы №451 токтомунун негизинде өзгөртүү киргизүү боюнча Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомдун негизиндеги штаттык бирдигине Найман айыл өкмөтүнүн зарылчылыгына жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Найман айыл өкмөтүндөгү 9 штаттык бирдигиндеги кызмат орундарынын статистикалык маалыматтарды топтоо жана кирешелер боюнча жетектөөчү адис кызматынын аталышы статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча жетектөөчү адис, ал эми айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адис кызмат ордунун аталышы кирешелер боюнча адис кызмат орду болуп өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомду ишке ашырууну көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеёешинин Экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш.Эрматов |