Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 30-январы № XV –2
Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына калган калдык акчасын бөлүштүрүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен 2019-жылдын 1-январына калган 969.1 миң сом жана атайын каражат эсебинен 390,8 мин сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2019-жылдын 1-январына калган 969,1 мин сом жана атайын каражат эсебинен 390,8 мин сом калдык акчасы төмөнкү бөлүмдөргө бөлүнсүн (тиркеме тиркелет):
-Башкаруу аппаратына (701) - 10,0 мин сом
-Экономикалык маселелер (704) - 300,0 мин сом
-ЖКХ бөлүмүнө (706) - 326,7 миң сом
-Маданият бөлүмү (708) - 45,4 мин сом
-Билим берүү бөлүмүнө (709) - 188,0 мин сом
-Социалдык коргоо бөлүмүнө (710) - 99,0 миң сом
2. Айыл өкмөттүн атайын каражат эсебинен калдык акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүмдөргө бөлүнсүн (тиркеме тиркелет):
-ЖКХ бөлүмүнө (706) - 387,9 миң сом
-Билим берүү бөлүмүнө (709) - 2,9 мин сом
3. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |