Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 25-январы № XV –3
Найман айыл өкмөтүнүн айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым ажыратуу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айылдык маданият үйүнүн жетекчисинин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттан бөлүнгөн акча каражатына ремонт жасоо иштери алып барылсын.
2. Айылдык маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражатынан 45 400 (кырк беш мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |