Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 25-январы № XV –5
Найман айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2001-жылдын 19-декабры № 111 токтомуна ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 99 000 ( токсон тогуз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |