Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-январы № 6
Папан айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22- февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26- беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Папан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүү жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Папан айылдык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К.Бактыбаев |