Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-марты №1
Папан айыл аймагынын 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2017- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын 2016- жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл аймагынын финансы-экономикалык болумунун башчысы А.Калыковдун докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, депутаттардын сын пикирлерин жана сунуштарын угуп, депутаттардын Папан айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31 беренесин жетекчиликке алып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл аймагынын 2016-жылга кабыл алынган бюджеттин киреше бөлүгү 12879,3 мин сом, чыгаша бөлүгү 12879,3 мин сом мындан тышкары атайын каражат 130,0 мин сом, 1-январь 2017 жылга карата калган эркин калдыктан 31,0 мин сом, бардык киреше бөлүгү 161,0 мин сом, чыгаша бөлүгү 161,0 мин сомго аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Папан айыл аймагынын 2017-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 18314,8 мин сом булардын ичинен ата-эне взносу 130,0 минсом өлчөмүндө бюджеттик киреше 11680,1 мин сом, 1 - январь 2017 жылга карата эркин калдык 6472,0 мин сом, тамак аш калдыгы 32,7 мин сом, бардык чыгаша бөлүгү 18314,8 мин сом өлчөмүндө тиркемеге ылайык каржылоо жагы бекитилсин.
3. Папан айыл аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү 18314,8 миё сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Папан айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине 1 январь 2017-жылга карата калган эркин калдык акчанын эсебинен 2017-жылы кызмат көрсөтүлгөн алдынкы кызматкерлерге баало боюнча кошумча эмгек акы 137,5 мин сом соцфонд төлөмү 23,7 миё сом баары: 161,2 миё сом акча каражаты каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнь №384 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөнүү шарттары жөнүндө Бийик тоолуу шартта эмгектенген айыл башчылар 1) Кожо-Келен айыл башчысы Усонов Нурмамат жана Кара-Гур айыл башчысы Абдулдаев Абдыганыга эмгек акысына түрдүү кошулмалар 134,1 мин сом өлчөмүндө төлөп берүү жагы каралсын.
6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8- июлундагы №403 токтомуна ылайык айыл өкмөттүн ветеринардык врач (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлинде жана статист-экономист адистиги башкы адис денгээлинде эмгек акысы менен стаждык кошулмаларын кошуу менен штат бирдиги бекитилсин.
7. Папан айыл өкмөтүнүн жооптуу адистери Кара-Суу районуна кызматтык сапарларга баруудагы баракчалары азыркы шарттагы нормаларга ылайык барып келүү акысы 280,0 сом өлчөмүндө бекитилсин жана сапар учурундагы жумушту бүткөрүү максатында келбей күнүнө суткалык квартиралык акылары мыйзам чегинде 500 сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
8. Папан айыл өкмөтүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө жыл ичинде тармактар боюнча каржыланбай калган статьяларды жылдырылуу (уведомления) жолу менен өндүрүштүк муктаждыкка ылайык айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде ушул токтомду жетекчиликке алуу менен тармактан тармакка, статьядан статьяга жана тармак ичиндеги өзгөрүүлөрдү статьялар боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.
9. Айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн жана 2017-жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.
10. Папан айыл өкмөтүнүн башкаруу Аппаратын жана Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын штаттык түзүмү такталган сунушталгандар боюнча бекитилип каржылоо жүргүзүлсүн.
11. Кыргыз Республикасынын штат бирдиги 16 анын ичинен башкаруу аппараты 17 Айыл башчы 1Вет врач (контракт), 2 ВУС кызматкери жана тейлөөчү 3 баары 39 адамдан турган штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.
12. Маданият кызматкерлеринин штат бирдигинин жалпы саны 7 адам санынан турат, мунун ичинен тейлөөчү 4 кызматтагы штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн.
13. Папан айыл аймагынын болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2018-жылга 12162,3 мин сомго жана 2019-жылга 12859,5 мин сомго жактырылсын. Мындан тышкары жайыт комиттети 2018-жылга карата 60,0 мин сомго жана 2019-жылга карата 85,0 мин сом жактырылсын.
14. Папан айыл аймагынын 2017-жылга резервдик фонду 105,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. 2017 - жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутатгардын Папан айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Бактыбаев |