Редакцияот 01.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI кеңешинин кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 01-июну №1

Территорияны тазалоо боюнча төлөө тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Папан айыл өкмөтүнө караштуу "Территорияны тазалоо боюнча төлөө тарифина өзгөртүү киргизүү жөнүндө" төмөндөгүдөй Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1995-жылы кабыл алынган территорияны тазалоо боюнча тарифге өзгөртүү киргизилип ар бир жанга 20 сомдон төлөө тарифи төлөнсүн.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышын контролдукка алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Бактыбаев