Редакцияот 01.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кеңешинин кезектеги IV сессиясы

2017-жылдын 01-марты №3

№ 121 Жээнали Шариев атындагы негизги мектепти орто мектепке айландыруу жөнүндө

Папан айыл өкмөтүнө караштуу Андагул айылындагы тургундардын, ата-энелердин, мектеп коллективинин арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Андагул айылындагы № 121 Жээналы Шериев атындагы негизги мектеп орто мектеп болуп өзгөртүлсүн.

2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн № 121 Жээналы Шериев атындагы мектепти орто мектеп деп кабыл алуусу суралсын.

3. Ушул токтом дун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Бактыбаев